Экономика
Панфилов районунун дыйкандары суунун жетишсиздигине нааразы
Чүй облусунун Панфилов районунун дыйкандары суунун жетишсиздигине нааразычылыгын билдиришти. Алар өзүнүн пикирин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев менен жолугушуусунда айтышты. Парламенттин маалыматына ылайык, Панфилов районунун айыл чарба өндүрүүчүлөрү сугат сууну берүү убада кылынган көлөмдө жүргүзүлбөй жатканын, буга байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин биринчи сугат иштерин бүтүрө электигин белгилешти. Алардын