2024-жылы пенсияны жогорулатууга 970 млн сом каралган
![2024-жылы пенсияны жогорулатууга 970 млн сом каралган](/content/images/size/w1200/2023/12/6109269b92b53960919423.png)
2024-жылы пенсияны жогорулатууга 970 млн сом каралган. Бул тууралуу маалымат жыйынында Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда.
“2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, - деп кошумчалады ал.