акыркы жаңылыктар

Токмокто базальт буласын чыгаруу заводу курулат

Экономика

Токмокто базальт буласын чыгаруу заводу курулат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында “Базальт булалары жана материалдар” мамлекеттик программасын ишке ашырууга байланышкан жыйын болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.  Анда Бакыт Төрөбаев, өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. “Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикалык жактан өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизген маанилүү

Өкмөт суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу көздөйт

Саясат

Өкмөт суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу көздөйт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында Суу жана жер ресурстары боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө Улуттук кеңештин отчету угулуп, алдыдагы пландары каралды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Учурда 2040-жылга чейин Улуттук суу стратегиясын ишке ашыруу иштери жүрүүдө. Улуттук стратегиянын негизги багыттары – суу ресурстарын түгөнүүдөн, булгануудан коргоо,

“Дордойдо” кошумча салык тейлөө пункттары ачылды – даректер

Бизнес

“Дордойдо” кошумча салык тейлөө пункттары ачылды – даректер

Бишкектин Свердлов районунда, «Дордой» соода жана оюн-зоок комплексинин аймагында ишкерлерге кошумча ыңгайлуулук түзүү максатында 8 салык кызматынын бөлүмдөрү иштей баштады. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди. Ошондой эле кардарлар менен иштөө үчүн инспекторлор дайындалган. Эми ишкерлер "Дордой" соода жана оюн-зоок комплексинин патенттерин төлөө үчүн төмөнкү даректерге кайрылса

Кыргызстан азыктардын 4 түрүн импорт менен камсыздады

Экономика

Кыргызстан азыктардын 4 түрүн импорт менен камсыздады

Кыргызстандын ички агро азык-түлүк рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, быйыл азык-түлүк коопсуздугу негизги социалдык маанидеги 5 азыктын түрү (сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер) менен камсыз болду. "Калган азыктардын 4 түрү (ун, өсүмдүк майы, жумуртка, жемиштер) менен камсыздоо импорттук

Бишкектиктер "Менин шаарым" колдонмосу аркылуу газ эсептерин жөнөтө алат

Коом

Бишкектиктер "Менин шаарым" колдонмосу аркылуу газ эсептерин жөнөтө алат

«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы маршруттук каттамдардын кыймылынын өзгөрүшүнө байланыштуу «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жана e-meria.kg порталында маршруттук каттамдарды жаңылоо боюнча иштерди жүргүздү. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди. Жыйынтыгында №169, 225, 163, 220, 203, 215, 136, 137, 104, 164, 222, 135, 192, 166, 258, 243, 11 199, 179,

Өзгөндө салыкчы 200 миң сом пара менен кармалды

Коом

Өзгөндө салыкчы 200 миң сом пара менен кармалды

Өзгөндө Салык кызматынын райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы опузалап пара алганда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери салык чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн фактыларын аныктады. Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш

Жогорку Кеңеш Соцфонддун бюджетин кабыл алды

Экономика

Жогорку Кеңеш Соцфонддун бюджетин кабыл алды

Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын Социалдык фондунун 2023-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамын карап колдоп берди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Бул багытта маалыматтар менен бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов тааныштырды. Талкуунун жүрүшүндө депутат Сүйүнбек Өмүрзаков жарандардын пенсиянын топтомо бөлүгүн

MegaPay Бишкектин коомдук транспорттун өнүктүрүү долбоорун ишке ашырууга жардам берет

Бизнес

MegaPay Бишкектин коомдук транспорттун өнүктүрүү долбоорун ишке ашырууга жардам берет

Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев жана "Кыргызмобайлкомпани" (ТМ MegaPay) ЖЧК башкармалыгынын төрагасы Азамат Жамангулов коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Меморандумдун негизги максаттарынын бири жарандарды муниципалдык коомдук транспортто жүрүү үчүн накталай эмес төлөмгө өтүүгө түрткү берүү болуп саналат. Пилоттук долбоордун

Оштун ишканалары 6.9 млрд сомдук продукция өндүрдү – шаардык мэриясы

Бизнес

Оштун ишканалары 6.9 млрд сомдук продукция өндүрдү – шаардык мэриясы

2023-жылдын 11 айында Ош шаарындагы өнөр жайлар 6 млрд 951.7 млн. сомдук продукция өндүрүп, былтыркы жылга салыштырсак 757,2 млн. сомго көбөйгөн. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди. Такталгандай, 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү 2 млрд 509.3 млн сомго бекитилип, бул өткөн жылга караганда  908 млн сомго

Депутаттар ФОМСтун бюджетин экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришти

Саясат

Депутаттар ФОМСтун бюджетин экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришти

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025- жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамы каралды. Депутаттардын суроолоруна саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жооп берди. Мыйзам долбоорлорун талкуулоо учурунда депутат Сүйүнбек Өмүрзаков милдеттүү медициналык камсыздандыруу (МКК) жаатындагы маселелерге көңүл буруп,

5 миңден ашуун салык төлөөчү Salyk.kg мобилдик тиркемесин колдонууда

Бизнес

5 миңден ашуун салык төлөөчү Salyk.kg мобилдик тиркемесин колдонууда

Акыркы эки жумада 5 миңден ашуун салык төлөөчү Salyk.kg мобилдик тиркемесин жүктөп алып, активдүү колдоно башташты. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында Мамлекеттик салык кызматы Salyk.kg. тиркемесин ишке киргизген. Мобилдик тиркеме Cabinet.salyk.kg “жеке кабинетинин” веб-версиясында иштеген салык төлөөчүлөр үчүн жеткиликтүү.

Ошто "Миллион" ири соода жайына айып пул салынды

Бизнес

Ошто "Миллион" ири соода жайына айып пул салынды

Соцтармактарда Ош шаарында “Миллион” супермаркетинде нандын баасы кымбат деген маалымат жарыяланган. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Такталгандай, Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери ыкчам чара көрүү максатында 2023-жылдын 20-декабрь күнү Ош шаарынын Абдыкадыров көчөсү, 172а дарегинде жайгашкан “Миллион” супермаркетине мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө 290гр салмактагы тандыр