Жогорку Кеңеш Соцфонддун бюджетин кабыл алды

Жогорку Кеңеш Соцфонддун бюджетин кабыл алды

Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын Социалдык фондунун 2023-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамын карап колдоп берди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Бул багытта маалыматтар менен бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов тааныштырды.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Сүйүнбек Өмүрзаков жарандардын пенсиянын топтомо бөлүгүн колдонуу боюнча эрежелерди тактады. Депутат Чолпон Султанбекова 2024-жылга пенсияны көтөрүү боюнча пландарды сурап, жыл жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен пенсионерлерге бир жолу кошумча каражат (сый акы) берүү маселесине көңүл бурду.  Депутат Бактыбек Чойбеков каза болгон учурда пенсионердин сөөгүн коюуга берилүүчү жөлөк пулдун суммасын жана каражат кандай негизде берилерин тактады.

Депутат Нилуфар Алимжанова 2024-жылы эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна берилген каражаттарды сурап: “Президент тарабынан буга мараторий киргизилген, бирок ага карабай 2024-жылы элдин акчасынан жолдонмолор үчүн каражат бөлүп жатасыздар. Бул эмнелерге коротулат, элге так маалымат берип койгула?”,- деди Н.Алимжанова.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 2024-жылы чогулуучу 529 млн сом ден соолукту чыңдоо жайларын оңдоого багытталарын билдирди.

Депутат Миргүл Темирбаева Лейлек районунда карылар почта аркылуу пенсия акыларын алып жаткан маселесин көтөрүп, аларды банктык тейлөөгө өткөрүү сунушун айтты. Депутат Шайлообек Атазов социалдык фондго кесиптик кошуундарга деп чегерилүүчү каражаттардын кайсыл багытка колдонушулуна кызыкты. Ага жооп берген Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов алдыдагы 5 жылда бул каражаттар пансионаттарды ондоого жумшаларын билдирди. Депутат Алишер Козуев укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин пенсиясын көтөрүү маселесине көңүл бурду.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып