Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks
“Дордойдо” кошумча салык тейлөө пункттары ачылды – даректер

“Дордойдо” кошумча салык тейлөө пункттары ачылды – даректер

Бишкектин Свердлов районунда, «Дордой» соода жана оюн-зоок комплексинин аймагында ишкерлерге кошумча ыңгайлуулук түзүү максатында 8 салык кызматынын бөлүмдөрү иштей баштады. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди. Ошондой эле кардарлар менен иштөө үчүн инспекторлор дайындалган. Эми ишкерлер "Дордой" соода жана оюн-зоок комплексинин патенттерин төлөө үчүн төмөнкү даректерге кайрылса болот: ·         «Дордой

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Бишкектин Свердлов районунда, «Дордой» соода жана оюн-зоок комплексинин аймагында ишкерлерге кошумча ыңгайлуулук түзүү максатында 8 салык кызматынын бөлүмдөрү иштей баштады. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.

Ошондой эле кардарлар менен иштөө үчүн инспекторлор дайындалган.

Эми ишкерлер "Дордой" соода жана оюн-зоок комплексинин патенттерин төлөө үчүн төмөнкү даректерге кайрылса болот:

·         «Дордой Базары» ЖЧКсынын базар администрациясы, борбордук кире бериште;

·         «Дордой базары» ЖЧКсынын салык кызматынын филиалы (мечиттин жанында);

·         «Алкан Базары» ЖЧКсынын салык кызматынын филиалы;

·         «Дордой Азия» ЖЧКсынын базар администрациясы (Джунхай), 2-кабат, 207-кабинет;

·         «Форт Оберон» ЖЧКсынын базар администрациясы, 2-кабинет;

·         «Альмаматр» ЖЧКсы (Кербен), 24-катар, профсоюздук кеңсе;

·         «Долон-Дордой» ЖЧКсынын («Дордой автотетиктери») базарынын администрациясы, 2-кабат;

·         «Ак-Суу» ЖЧКсы, профсоюздук кеңсе, Ак-Суу базарынын администрациясынын жанында.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр https://salyk.kg шилтемеси аркылуу катталып, «Жеке кабинетке» кире алышат.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More