акыркы жаңылыктар

Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен - үчтөн бири аялдар

Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен - үчтөн бири аялдар

2022-жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношкон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тараптан тышкы жумуштуулук чөйрөсүндөгү иштин алкагында 12 миң кыргызстандык жумушка орношкон, алардын үчтөн бири аялдар. Дагы

Дүйнөлүк банк КР менен  иштешүүгө даяр - жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет

Дүйнөлүк банк КР менен иштешүүгө даяр - жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет

КР Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Регионалдык директору Самех Нагиб Вахба жана Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви менен жолугушту. Министрликтин маалыматына таянсак, жолугушууда Дүйнөлүк банк менен КРнын ортосундагы, тактап айтканда, энергетика, климаттын өзгөрүшү, суу менен камсыздоо,

Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты

Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты

Азиялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин маалымат кызматы билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чет элдик коноктор Киев көчөсүндө Манас көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин кыймылды уюштуруунун пилоттук долбоорун көрсөтүштү жана сунушташты. Бул бөлүктө алар жашыл аймактарды уюштурууну, утурлама багыттардагы велосипед тилкелерин жана

Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды - РЕЙТИНГ

Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды - РЕЙТИНГ

Кыргызстандыктар өлкөдөгү эң коррупциялашкан мекемелер деп Саламаттыкты сактоо министрлигин, Ички иштер министрлигин, Мамкурулушту аташты. Мындай жыйынтыкка Улуттук статистикалык комитет жарандардын мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээли тууралуу жеке пикирин сурамжылоосунун натыйжасынын негизинде келген. 2022-жылдын экинчи жарымында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, кыргызстандыктардын пикири боюнча эң коррупциялашкан 5 органдын катарына Юстиция министрлиги менен Транспорт минист

Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаевди кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы аркылуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.  “Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын өз ара соода көлөмүн

Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды

Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 30-декабрында өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын үчүнчү утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, лотереянын 3-утушунун жеңүүчүлөрү өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан катышкан 52 адам болду. * Башкы байге – Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирди Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургуну жана

АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты

АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты

КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун аталган мекеме Баткендеги социалдык объектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүсүн четке какты. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында билдирүү жарыяланды. АРИСтин маалыматына таянсак, кыргыз-тажик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болуп өткөн куралдуу жаңжалдан кийин КРнын

Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт - Монополияга каршы орган билдирди

Экономика

Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт - Монополияга каршы орган билдирди

Жакынкы бир айдын ичинде Кыргызстанда бензин 5-6 сомго арзандашы керек. Мындай божомолду Монополияга каршы мамлекеттик орган билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, 2023-жылдын январь айынан тарта бензиндин дүң баасынын төмөндөө тенденциясы байкалган, бул чекене соода тармагындагы баага таасир этиши керек. «Кийинки бир айдын ичинде баалар рыноктун негизги катышуучулары тарабынан 5-6 сомго чейин

№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат

№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат

Мамлекеттик ипотекалык команиясы (МИК) ААК аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү турак жайларды (батирлерди) курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. “Мисалы, Бишкек шаарында мындай курулуш үчүн участоктордун бири мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жери болуп саналат, анда 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда”, – дейт президенттин маалымат

«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди

«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди

«Кумтөр Голд» ЖАКтын каражаттарын уурдоого шектелген Тенгиз Бөлтүрүктүн каты бизди таң калтырды. Мындай билдирүүнү компаниянын жетекчилиги билдирди. “КГКнын” азыркы жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүк компанияны бир жылдан ашык жетектеп, өзүнүн долбоорлорун жана пландарын ишке ашыруу үчүн бардык шарттар менен камсыз болгон, жогорку айлыкка, гонорарга шектүү экспаттарды тартуудан башка эч кандай реалдуу кадамдар

Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат

Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат

Бажы кызматы кыргызстандыктарды жана чет элдик жарандарды Кыргызстандан накталай АКШ долларын алып чыгууда өткөрүү пункттарындагы бөлүмдүн кызматкерлерине кайрылууга чакырат. “Мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн” бажы кызматкерлерине кайрылуу сунушталат. Министрлик 13-январдагы токтому менен КР резидент эместер жана чет өлкөлүк жарандар үчүн 5 миң доллардан жана Кыргызстандын жарандары үчүн 10 миң доллардан ашык

Германия сөзүнө турду - КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди

Германия сөзүнө турду - КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди

Economist.kg мурда кабарлагандай, Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечүүнү чечкен. Бирок бул каражатты жарандарга ипотекалык насыя катарында берүү шартын койгон болчу. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бүгүнкү күндө 4.966 млн евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилгенин кабарлады. “Бул каражаттар «Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы» макулдашуусунун алкагында,