Германия сөзүнө турду - КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди

Германия сөзүнө турду - КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди

Economist.kg мурда кабарлагандай, Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечүүнү чечкен. Бирок бул каражатты жарандарга ипотекалык насыя катарында берүү шартын койгон болчу.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бүгүнкү күндө 4.966 млн евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилгенин кабарлады.

“Бул каражаттар «Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы» макулдашуусунун алкагында, өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат”, – деди катчы.

2022-жылдын майында КРнын министрлер кабинети менен KFW Германиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда КРнын Германияга суверендүү карызынын шарттарын өзгөртүү жөнүндө «Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы» Макулдашуусуна кол коюлган, анын алкагында 14.9 млн евро өлчөмүндөгү каражат этап-этабы менен «МИК» ААКга берилет.


Германия койгон шартка ылайык, ипотекалык насыялар Бишкек жана Ош шаарларынын чегинен тышкары жалданып иштеген же ишкерлик кылган бардык категориядагы жарандарга жылдык 8% менен, 15 жылга чейин берилет.


МИК Германиянын KfW өнүктүрүү банкынын конверсияланган карызынан жыл сайын 5 млн евродон алат

Германия кечкен КРнын 14.9 млн евро суммасындагы карызы МИКке KfW банкы аркылуу берилет

МИКтин «Жеткиликтүү ипотека» багытын Германия өнүктүрүү банкы (KfW) каржылайт

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын