акыркы жаңылыктар

Биз инвестициялык сунуштарды кароого ачыкпыз – Акылбек Жапаров

Экономика

Биз инвестициялык сунуштарды кароого ачыкпыз – Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык «Цзицзинь» корпорациясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде Чүй облусунун Кемин районундагы Талдыбулак-Левобережный кениндеги «Алтынкен» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнүн алкагында да талкуулашты. Компаниянын өкүлдөрү "Цзынзинь" корпорациясынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти, атап

Америкалык соода палатасы жылдын алгачкы жыйынтыгын чыгарды

Бизнес

Америкалык соода палатасы жылдын алгачкы жыйынтыгын чыгарды

2023-жыл аягында Америкалык соода палатасы (AmCham) жылдын алгачкы жыйынтыгын чыгарды. Ишмердиги тууралуу палатанын өкүлдөрү ЖМКлар менен жолугушууда айтып беришти. 2023-жылдын ичинде AmCham маанилүү жетишкендиктеринин арасында төмөнкүлөрдү белгилеп кетти: “Ишкер аялдар академиясы” (AWE) программасы: Долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен 2023-жылдын 15-сентябрында башталган. Алты айлык программага катышуу

Өкмөт “Кыргызиндустриянын” ишмердигин текшерди

Экономика

Өкмөт “Кыргызиндустриянын” ишмердигин текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кыргызиндустрия” ААКнын бир катар ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. Алгач “Кыргызбетонкурулуш” продукциясынан, тагыраагы Emmedue инновациялык системасы аркылуу жасалган пенополистирол панелдеринен курулуп жаткан көргөзмө комплексинин курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Мындан тышкары “Кыргызфармтех” ЖЧКсынын жана зер буюмдарын чыгаруучу жаңы ишкананын имараттарындагы

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору жолукту

Саясат

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору жолукту

2023-жылдын 11-ноябрынан 17-ноябрына чейин Баткенде Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана бул

Каиндыда УКМКнын райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Саясат

Каиндыда УКМКнын райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 2023-жылдын 17-ноябрында, Кайыңды шаарында УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мекеме билдирди. Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Өз кезегинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө улуттук

Ошто нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Бизнес

Ошто нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Оштогу Ош-маркет жана Сити-маркет соода түйүндөрүндөгү нан азыктарына мониторинг жүргүздү. Мониторингдин жүрүшүндө 300-310 гр тандыр нан 30 сомдон, ал эми 390гр бөлкө нан 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Тактап айтканда, белгиленген баадан ашыкча сатылган фактылар аныкталаган жок. Белгилей кетсек Ош шаарынын аймагында

Садыр Жапаров Япониянын императору менен жолукту

Саясат

Садыр Жапаров Япониянын императору менен жолукту

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Япониянын императору менен жолугушууга келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясы билдирди. Сарайдын алдында мамлекет башчысын жана император Нарухито жана императрица Масако тосуп алышты. Саламдашуудан кийин тараптар менен биргеликте сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт – даректер

Коом

Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт – даректер

Бишкекте 2023-жылдын 18-19-ноябрынан тарта айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Жарманкенин максаты - атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү. Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып,

Бишкекке Өзбекстан менен Тажикстандын парламенттик делегациялары келишти

Саясат

Бишкекке Өзбекстан менен Тажикстандын парламенттик делегациялары келишти

Кыргызстанга Өзбекстандын Олий мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева баштаган жана Тажикстандын Маджлиси оли Маджлиси милли төрагасы Рустами Эмомали баштаган парламенттик делегациялар келишти. Бул тууралуу "Манас" аэропорту билдирди. Белгилей кетсек, парламенттик делегациялар 2023-жылдын 16-17-ноябрында Бишкекте өтө турган Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын

Кыргызстанда 458 жаңы тамчылатып сугаруу системасы орнотулду

Гранттар жана кредиттер

Кыргызстанда 458 жаңы тамчылатып сугаруу системасы орнотулду

2023-жылдын 1-ноябрына карата республика боюнча 458 жаңы тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп 8096,2 га жер аянтына көбөйгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Такталгандай, 1-ноябрга карата жалпы тамчылатып сугаруу системасын орноткон жана иштеп аткан чарбакер субъектилердин саны республика боюнча 1 004 түздү, жалпы жер аянты 13.2

Юстиция министрлигинин «Тилектештик автобус» Кадамжайга барат

Коом

Юстиция министрлигинин «Тилектештик автобус» Кадамжайга барат

Юстиция министрлигинин «Тилектештик автобус» Кадамжайга барат. Бул тууралуу мекеме билдирди. «Тилектештик автобус» кызматы Баткен облусунун Кадамжай районуна төмөнкү каттам менен жөнөйт: • 21-ноябрда Кара-Дөбө айылына, айыл өкмөтүнүн имараты; • 22-ноябрда Кызыл-Булак айылына, айыл өкмөтүнүн имараты; • 23-ноябрда Каражыгач айылына, айыл өкмөтүнүн имараты; • 24-ноябрда Майдан айылына, айыл өкмөтүнүн

Бажы төлөмдөрү боюнча жылдык план аткарылды

Экономика

Бажы төлөмдөрү боюнча жылдык план аткарылды

Бажы кызматы ушул жылдын 15-ноябрына карата бажы төлөмдөрү боюнча 2023-жылга коюлган пландын аткарылышын камсыздады. Бул тууралуу мекеме билдирди. Бажы кызматы үчүн 2023-жылга кирешелер болжолу 94.6 млрд сом суммада белгиленген. Бүгүнкү күнгө карата бул план толук көлөмдө аткарылды. 2022-жылдын 12 айына салыштырмалуу бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын