Өкмөт “Кыргызиндустриянын” ишмердигин текшерди

Өкмөт “Кыргызиндустриянын” ишмердигин текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кыргызиндустрия” ААКнын бир катар ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Алгач “Кыргызбетонкурулуш” продукциясынан, тагыраагы Emmedue инновациялык системасы аркылуу жасалган пенополистирол панелдеринен курулуп жаткан көргөзмө комплексинин курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

Мындан тышкары “Кыргызфармтех” ЖЧКсынын жана зер буюмдарын чыгаруучу жаңы ишкананын имараттарындагы оңдоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле жүк ташуучу Shacman үлгүсүндөгү унаанын тетиктерин жыйноочу цехтин иши менен таанышты.

Ишканалар менен жеринде таанышып чыккан МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун маанилүү социалдык милдеттеринин бири жаңы жумуш орундарын түзүү менен өлкөдөгү жумушсуздукту жана эмгек миграциясын кыскартуу экенин белгиледи.

““Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун түзүлүшү менен жаңы өндүрүштүк ишканалар ачылып өнөр жай жанданды, буга чейин иштеп жаткан өндүрүштүк ишканаларды модернизациялоо, кеңейтүү, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү сыяктуу бир катар далилдүү долбоорлор ишке ашырылууда”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын аягында 100% мамлекеттин катышуусу менен түзүлгөн “Кыргызиндустрия” ААКсы 2022-жылдын март айынан бери 20 долбоордун ичинен 16 долбоорду ишке ашырды.

Мындан тышкары окуңуз

Сузактын Кара-Булак айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулду

Сузактын Кара-Булак айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулду

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Булак айылында 150 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси 2026-2027-жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 99 миллион сомду түздү. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1281 чарчы метрди

Кыргызстанда ветеринардык лабораториялар жана вакцина чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда ветеринардык лабораториялар жана вакцина чыгаруучу завод курулат

Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгында Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институтунун базасында курулуп жаткан BLS-2 жана BLS-3 коопсуздук деңгээлиндеги ветеринардык лабораториялардын курулушу боюнча жумушчу жыйын өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйында лабораториялык комплекстен тышкары биологиялык каражаттарды, анын ичинде вирустук жана

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,