акыркы жаңылыктар

Акылбек Жапаров: Майлуу-Суу заводу күнү-түнү иштеши керек - 1 млрд сом кредит берилген

Акылбек Жапаров: Майлуу-Суу заводу күнү-түнү иштеши керек - 1 млрд сом кредит берилген

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйындын алкагында ишкананын ишмердүүлүгү жана айнек идиштерин чыгаруу, ошондой эле айнек эритүүчү мешти реконструкциялоо долбоорлору боюнча бет ачар сунушталды. Белгилей кетсек, заводго 1 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит берилип, 400 млн сом өлчөмүндөгү биринчи

Канттан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 34 эсе өстү – 566 млн доллар

Канттан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 34 эсе өстү – 566 млн доллар

Үстүбүздөгү жылдын он айында Кант шаарынын ишканаларынан ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар экспорттоо 566 млн долларды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорт 34 эсеге (2021-жылы 16.4 млн доллар) өскөн. Мындай маалыматтар КРнын Улуттук статистикалык комитетинин талдоолорунда берилет. Жалпысынан Чүй облусу экспорттун көлөмү боюнча биринчи орунда турат жана анын суммасы 257

«РСК Банк» Лейлек районунда сактык кассасын ачты

«РСК Банк» Лейлек районунда сактык кассасын ачты

Бүгүн, 19-декабрда Баткен облусун колдоо жана калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында “РСК Банк” Кулунду айылында сактык кассасын ачты. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди. Бөлүмдө банктык кызматтардын бардык спектри (төлөм карталарын, депозиттерди ачуу, кредиттерди берүү, мамлекеттик бюджетке төлөмдөр, ички жана эл аралык которуулар жана башкалар) бар. Банктын жаңы

«Дос-Кредобанк» таза кирешесинин 25%ын акционерлерине берет

«Дос-Кредобанк» таза кирешесинин 25%ын акционерлерине берет

«Дос-Кредобанк» ААК 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча таза кирешесинин 25%ын акционерлерине берет. Мындай чечим акционерлердин 8-декабрдагы кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды. Мындай маалыматты Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун жүрүшүндө 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча банктын таза кирешесинин 25%ын акционерлерге бөлүп берүү чечими кабыл алынды. 2021-жылы акциянын бир дивидендинин

Бийлик өзүнө Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагын лизингге алат

Бийлик өзүнө Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагын лизингге алат

Кыргыз бийлиги иш сапарларга учуу үчүн Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагын алууну көздөөдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатат. “Бул же Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот. Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет

Таластын 43 тургуну Түштүк Кореяга иштегени барышат

Таластын 43 тургуну Түштүк Кореяга иштегени барышат

Талас облусунун 43 тургуну Түштүк Кореяда иштегенге мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 2022-жылдын 19-декабрында кыргызстандыктарды Кореяга жөнөтүү боюнча иш-чара учурунда билдирди. “Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун ортосунда Талас облустук администрациясы жана Кореянын Кочанг районунун Чолла-Пукту

Европа Биримдиги КРда санариптештирүүнү колдоого 3 млн евро берди

Гранттар жана кредиттер

Европа Биримдиги КРда санариптештирүүнү колдоого 3 млн евро берди

Европа Биримдиги республиканын санариптик трансформациясын колдоо үчүн КРнын мамлекеттик бюджетине 3 млн евро же 270 млн сом акча берди. Бул тууралуу ЕБдин маалымат кызматы билдирди. Грант жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялардын инновациялык борборунун ишине көмөктөшүү, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында Sanarip-Aimak/Digital Aimak системасын жайылтуу, өлкөнүн киберкоопсуздугун

Садыр Жапаров Катарга футбол көрүүгө жеке бизнес учагы менен барды - ал 25-30 миң доллар турат

Садыр Жапаров Катарга футбол көрүүгө жеке бизнес учагы менен барды - ал 25-30 миң доллар турат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 18-декабрда жеке бизнес учагы менен Катарга футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалын көрүү үчүн барды. Бишкектен Дохага учуунун баасы 25-30 миң долларды түзөт. Катарга жеке учак менен учуп кеткенин Kaktus.media сайты жазып, Qatar News Agency порталынан Жапаровдун Дохага келген сүрөттөрүн тапкан. Сүрөттөрдүн биринде жеке учак тартылган.

Катализатору жок автоунааларга 20 миң сомдон айып пул киргизүү сунушталууда

Катализатору жок автоунааларга 20 миң сомдон айып пул киргизүү сунушталууда

Унааларында катализаторунун жоктугу үчүн жеке жактарга 20 миң сомдон айып салуу сунушталууда. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Негиздөө маалымкатына ылайык, алгачкы мамлекеттик каттоодо, кайра каттоодо, каттоо маалыматтарын өзгөртүүдө, транспорттун катализаторлору жок учурда жеке жактарга – 20 миң сом, юридикалык жактарга – 65 миң сом айып

КРнын экономикалык активдүү калкынын 13% бюджеттик сектордо иштейт

КРнын экономикалык активдүү калкынын 13% бюджеттик сектордо иштейт

Өлкөнүн экономикалык активдүү калкынын 13%дан ашыгы бюджеттик сектордо иштейт. Бул тууралуу минкабдын маалыматында айтылат. Бюджеттик сектордун кызматкерлеринин акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек акы болуп саналат. Белгилей кетек, минкаб өткөргөн жыйынында 2026-жылга чейинки мезгилде КРнын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү концепциясын бекитти.

Мамлекеттик кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясынын формасы бекитилди

Мамлекеттик кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясынын формасы бекитилди

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.   Минкабдын берген маалыматына ылайык, аталган чечим КРнын Салык кодексинин 107-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган жана минкаб төмөнкүлөрдү бекитүү чечимин кабыл алды: * Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун

Кыргызстандан БАЭге товар экспорттоо үч жылда 5 эсеге өстү

Кыргызстандан БАЭге товар экспорттоо үч жылда 5 эсеге өстү

2019-2021-жылдары Кыргызстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) товарлардын экспорту беш эседен ашык өстү. Мындай маалыматты КРнын Экономика министрлиги билдирди. Кыргызстан БАЭ менен соода алакасында экспортту 10 млн доллардан 55 млн долларга чейин көбөйттү. Негизги экспорттолуучу товардык топторго — механикалык жана электр жабдуулары, минералдык азыктар, оптикалык жабдуулар, бал, эт азыктары (кой эти), тамеки,