Бизнес маек
Нарында бизнес кылуу кыйын — калк аз, рынок чектелүү. Бирок эң мыкты даамдагы азыктарды чыгарган ишкерлер бар
Нарында бизнес кылуу кыйын — калк аз, рынок чектелүү. Бул тууралуу ИШКЕР MEDIA басылмасына маек курган, жарым фабрикат азыктарды чыгарган "Бай Нарын" ишканасынын негиздөөчүсү Нурлан Шаршенов айтып өттү. Ат-Башыдан чыккан ишкер КУУнун Экономика факультетин бүтүргөн жана 2003-жылдан баштап эт менен иштейт, тагыраак айтканда, Нарындан Бишкекке эт ташычу.