акыркы жаңылыктар

«Достук» мейманканасынын экинчи кабатында кумаркана ачылат

Саясат

«Достук» мейманканасынын экинчи кабатында кумаркана ачылат

«Достук» мейманканасынын 2-кабатында кумаркана ачылат. Бул тууралуу ЖК жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирди. Анын айтымында, мейманкананын жетекчилиги имараттын 2-кабатын бошотуп, ижарачылар менен келишимдерди бузган. Эске салсак, мейманкана Профсоюздардын федерациясына таандык. Бирок федерациянын жетекчиси Эмиль Кызаев кумаркана канча суммадагы киреше алып келет деген суроого жооп бере алган жок.

Россия балык жана сүт азыктарына коюлган чектөөлөрүн алат – Айыл чарба министрлиги

Бизнес

Россия балык жана сүт азыктарына коюлган чектөөлөрүн алат – Айыл чарба министрлиги

Ветеринардык кызматын директору А.Б. Жусупов менен Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси С. А. Данкверт ортосунда онлайн форматта талкуу өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде, Россельхознадзор КРнын «Нурагрорыбпром», «Дары Природы» балык иштетүүчү ишканаларынан «күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл» статусу менен мурда коюлган убактылуу

Эртең күнү кыргыз-кытай чек арасы жабык болот

Коом

Эртең күнү кыргыз-кытай чек арасы жабык болот

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пунктулары 22-июнь күнү иштебей турганын УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады. Чектөө Кытай тарабынан "Дуань-у" — ажыдаар кайыктарынын фестивалынанын улам киргизилүүдө. Бекет 23-июнда кайрадан ачылат.

ЭКБ долбоорлору аркылуу Кыргызстан дүйнөдөгү эң арзан электр энергиясынын жалгыз булагы болот – ЕЭК

Экономика

ЭКБ долбоорлору аркылуу Кыргызстан дүйнөдөгү эң арзан электр энергиясынын жалгыз булагы болот – ЕЭК

Россиялык-кыргыз ишкерлери энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) тармагындагы долбоорлорду ишке ашыра алышса, Кыргызстан дүйнөдөгү эң арзан электр энергиясынын жалгыз булагы болуп калат. Бул тууралуу ПЭЭФ-2023 платформасындагы «Россия-Кыргызстан» тематикалык сессиясында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев билдирди. «Энергетика и промышленность России» гезити маалымдагандай, Глазьев минералдык

Эки жылдын ичинде энергетика тармагындагы кызматкерлерге 29 кылмыш иши козголгон

Саясат

Эки жылдын ичинде энергетика тармагындагы кызматкерлерге 29 кылмыш иши козголгон

2021-2022-жылдары энергетика тармагындагы кызмат адамдарына 29 кылмыш иши козголуп, 11 кылмыш иши боюнча 69 млн сомдон ашык материалдык чыгым өндүрүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымдады. Парламенттин маалымат кызматы белгилегендей, комитет Энергетика министрлигинин

Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы отчету канааттандырарлык деп табылды

Саясат

Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы отчету канааттандырарлык деп табылды

Бүгүн, 21-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды. Депутаттардын суроолоруна Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жооп берди. Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев 2022-жылы мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 1 млрд 662 млн сомго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын айтып, бул багытта укук коргоо

Кармалган энергетика министринин орун басарынын ордуна Талайбек Байгазиев дайындалды

Саясат

Кармалган энергетика министринин орун басарынын ордуна Талайбек Байгазиев дайындалды

Талайбек Байгазиев энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлик кабарлады. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Эске салсак, Байгазиев буга чейин «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын төрагасы болчу. Буга чейин бул кызматта Мирлан Жакыпов иштеп келген. Ал Бишкектин ЖЭБнин 40 млн сомдон ашык

Чүйлүк айылдардын тургундары Бишкекке таштандыларды алып келип туура эмес жерге ташташат

Коом

Чүйлүк айылдардын тургундары Бишкекке таштандыларды алып келип туура эмес жерге ташташат

Бишкекте шаар менен чектеш аймактарда пайда болгон башаламан таштандылар «Бишкек шаарынын чек арага жакын аймактарынын санитардык-экологиялык көйгөйлөрү жана муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү» деген темада тегерек столдо талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди. Иш-чарага Бишкек шаарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев, Бишкек менен чектеш Орок, Новопавловка, Новопокровка, Күн-

Айыл чарба министри Уругвайдын уй этин сатуу ыкмалары менен таанышты

Экономика

Айыл чарба министри Уругвайдын уй этин сатуу ыкмалары менен таанышты

2023-жылдын 21-июнунан 22-июнуна тарта Дүйнөлүк банктын чакыруусу менен Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков Уругвайда. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Бул сапардын алкагында Аскарбек Джаныбеков мал чарбачылыгынын улуттук маалымат системасы менен таанышты. Баса белгилесек, көзөмөлдөө тутумунда ар бир жаныбар туулгандан баштап уникалдуу номер жана электрондук чип алат,

Ош шаарында «Мыкты бизнес айымдар» форуму өтөт

Бизнес

Ош шаарында «Мыкты бизнес айымдар» форуму өтөт

Ош шаарында 3-июлда «Мыкты бизнес айымдар» форуму өтөт. Бул тууралуу Accelerate Prosperity уюму билдирди. Такталгандай, форумга 200дөй ишкердин катышуусу күтүлүүдө. «Women CUP: Мыкты бизнес айымдар» форуму аялдарды ишкерликке колдоо, аларды өз бизнесин баштоого шыктандыруу жана бизнес көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган. Форумда спикерлер, өз тармагынын адистери катышуучуларга ийгиликке жетүү жолдору, максатка

Россиянын Кыргызстандын продукциясын алып кирүүгө тыюу салуусу — негиздүү дооматбы же саясий басымбы?

Кызыктуу

Россиянын Кыргызстандын продукциясын алып кирүүгө тыюу салуусу — негиздүү дооматбы же саясий басымбы?

Жыл башынан бери Россельхознадзордун Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияга доомат койгон учурлары көбөйдү. Ал тургай Россия кээде КРнын товарларына тыюу салып, кийинчерээк бул жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн олуттуу көйгөйлөргө айланды. Биз жогоруда айтылган тыюу салуулар саясий соода инструментиби же чындап эле негиздүү себептери барбы деген суроого жооп берүүгө аракет кылдык. Балык Үстүбүздөгү жылдын

ЕРӨБ Оштун мэриясына 70 автобустун ордуна 56 гана сатып алууну сунуштады

Гранттар жана кредиттер

ЕРӨБ Оштун мэриясына 70 автобустун ордуна 56 гана сатып алууну сунуштады

Ош шаарынын мэриясы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда тараптар «Ош шаарынын коомдук электр транспорт системасын модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Улуу Британиянын Atkins компаниясынын кеңешчилери тарабынан даярдалган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин жыйынтыктары менен да таанышты. ЕРӨБ