Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы отчету канааттандырарлык деп табылды

Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы отчету канааттандырарлык деп табылды

Бүгүн, 21-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды.

Депутаттардын суроолоруна Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жооп берди. Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев 2022-жылы мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 1 млрд 662 млн сомго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын айтып, бул багытта укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев «Кыргызиндустрия» ААКнын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар барбы?» - деген суроону узатып, бул уюмга 8 ачык акционердик коомду жана 8 мамлекеттик ишкананы модернизациялоо үчүн 1 млрд сом бөлүнгөнүн айтты. «Кыргызиндустрия» аталган 16 ишкананын ишин жандандыруунун ордуна «Кыргызмык», «Кыргызтопчу» жана башка ишканаларды түзө баштады», - деген Токторбаев отчетто «Кыргызиндустриянын» текшерүүсү тууралуу маалымат жок экенин кошумчалады.

Андан тышкары, депутат Гүлшаркан Култаева аудит системасынын натыйжалуулугуна көңүл буруп, максатсыз пайдаланган каражаттарды мамлекетке кайтаруу маселесине токтолсо, эл өкүлү Кундузбек Сулайманов уурдалган каражаттарды мамлекетке кайтарып берүү мөөнөтүн кыскартуу зарылдыгын белгиледи.

Муну менен катар депутат Айбек Осмонов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарына кызыкты. Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаковдун айтымында, 2021-жылы аталган мекемеге 2 млрд 700 млн сом бөлүнүп, анан ичинде 46 млн сомдук мыйзам бузуулар табылган. «Азыркы учурда бул каражаттардын 92% мамлекетке кайтарылган», - деди аудитор.

Ошондой эле депутат Марат Мураталиев Эсептөө палатасынын иши тууралуу сөз кылып, Министрлер кабинетин Эсептөө палатасынын корутундуларынын жана эскертмелеринин аткарылышына көңүл бурууга чакырды.

Ал эми депутат Улугбек Ормонов Эсептөө палатасынын аудиторлорунан каражатты максатсыз пайдалануу жана уурдоо деген түшүнүктөрдү ажыратуу керектин айтып, жооптуу жетекчилердин кээ бир аракеттери мыйзам бузуу катары квалификациялоого дайыма эле негиз боло бербестигин жүйө келтирди.

Өз кезегинде депутат Эмил Жамгырчиев коррупциялык тобокелдиктерди жана мыйзам бузууларды жоюу жана алдын алуу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү, алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүү маселелерин ортого салды.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар отчетту канааттандырарлык деп табышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media