Айыл чарба министри Уругвайдын уй этин сатуу ыкмалары менен таанышты

Айыл чарба министри Уругвайдын уй этин сатуу ыкмалары менен таанышты

2023-жылдын 21-июнунан 22-июнуна тарта Дүйнөлүк банктын чакыруусу менен Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков Уругвайда. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Бул сапардын алкагында Аскарбек Джаныбеков мал чарбачылыгынын улуттук маалымат системасы менен таанышты.

Баса белгилесек, көзөмөлдөө тутумунда ар бир жаныбар туулгандан баштап уникалдуу номер жана электрондук чип алат, бул анын саламаттыгынын абалы жөнүндө толук маалыматты чогултууга, кыймылдарды каттоого жана ээсинин алмашуусун онлайн режиминде алууга мүмкүндүк берет. Малдын саламаттыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал болгон учурда, система коркунучтуу аймактагы жаныбарлардын санын так аныктоого мүмкүндүк берет.

Бул көзөмөлдөө системасын киргизүү Уругвайга жеткирүү чынжырчасын толук көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, өндүрүлгөн уйдун ар бир килограммын өндүрүштүк аймактан тартып, ферманы жана конкреттүү жаныбарга чейин байкоого болот. Системанын жардамы менен Уругвай 80% экспорттолгон жогорку сапаттагы уй этин башка өлкөлөргө караганда 15% га жогорку баасын кепилдейт.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын