ЕРӨБ Оштун мэриясына 70 автобустун ордуна 56 гана сатып алууну сунуштады

ЕРӨБ Оштун мэриясына 70 автобустун ордуна 56 гана сатып алууну сунуштады

Ош шаарынын мэриясы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар «Ош шаарынын коомдук электр транспорт системасын модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Улуу Британиянын Atkins компаниясынын кеңешчилери тарабынан даярдалган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин жыйынтыктары менен да таанышты.

ЕРӨБ Евразия инфраструктурасы департаментинин өкүлү Нургүл Кудранова “Atkins” компаниясынын кызматкерлери жүргүзгөн ички жана тышкы изилдөөдөн соң 19 электр автобустарын жана 37 аккумулятордук троллейбустарды сатып алуу аркылуу долбоорду ишке ашыруу сунушун берди.

Жолугушуунун алкагында Atkins компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктары тааныштырылды. Жолугушуунун жыйынтыгында сунушталган долбоорду биргеликте дагы да терең изилдөө боюнча макулдашылды.

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media