акыркы жаңылыктар

Бийлик эмнеге КРнын «Центеррадагы» 656 млн долларлык акциясын алып калганга аракет кылбады? - Бириккен демократиялык кыймылы

Бийлик эмнеге КРнын «Центеррадагы» 656 млн долларлык акциясын алып калганга аракет кылбады? - Бириккен демократиялык кыймылы

КРдагы оппозициячыл “Бириккен демократиялык кыймылы” 27-августта президент Садыр Жапаровдун “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттигине берген маеги боюнча билдирүү жасашты. Аталган кыймыл Садыр Жапаров айткан “Центеррадагы” 26% үлүш, (баасы 500-600 млн доллар) жөн эле кагаз болуп калганы, “30 жылда 30 тыйын дивиденд бербеген акциянын эмне кереги бар” деген билдирүүсүнө токтолду. “Ошол эле

Жалал-Абад Мамкурулушу облустагы курулуш компанияларына 1 млн сомдук айып пул салды

Жалал-Абад Мамкурулушу облустагы курулуш компанияларына 1 млн сомдук айып пул салды

Жалал-Абад облусундагы Мамкурулуш аталган аймактагы курулуш компанияларына 1 млн сом өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» КРнын мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталгандыгына байланыштуу курулуш компанияларына жалпы суммасы 1 млн 53 миң сом

Өзбекстандан контрабандалык жол менен келген 100 миң сомдук дарбыз кармалды - унаа конфискацияланды

Өзбекстандан контрабандалык жол менен келген 100 миң сомдук дарбыз кармалды - унаа конфискацияланды

Баткен райондук сотунун чечими менен Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан КР ЕАЭБ аймагына чыгууда кармалган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Берилген маалыматка ылайык, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте КР жараны «К.О.Н» башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны кармашкан. “Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы

Бөлтүрүк Кытайдын оор машина куруу корпорациясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

Бөлтүрүк Кытайдын оор машина куруу корпорациясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк жетектеген «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы («УКМ») Кытайдын Улуттук оор машина куруу корпорациясы (СMS, China National Heavy Machinery Corporation) менен кызматташуу жөнүндө меморандумуна кол койду. УКМнын атынан Бөлтүрүк меморандумга кол койгон, бирок СНМС тараптан ким кол койгонун холдингдин басма сөз кызматы маалымат берген

Садыр Жапаров «белгисиз өлкөгө сатылып жаткан алтын» тууралуу пикирин билдирди

Садыр Жапаров «белгисиз өлкөгө сатылып жаткан алтын» тууралуу пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда “Кумтөрдүн” иши жана Кыргызстандан өткөн жылы 1.1 млрд долларлык 19.2 тонна алтындын “белгисиз өлкөгө” экспорттолушу тууралуу пикирин билдирди. Жапаровдун айтымында, алтынды жүктөп, чет өлкөгө алып кетип жатканда, коопсуздук үчүн баары жашыруун болот. “Кайсы өлкөгө, кайсы убакта, кайсы

Чүй облусунда кумшекер 88-90 сомдон сатылууда - жыл башынан бери 41%га кымбаттады

Чүй облусунда кумшекер 88-90 сомдон сатылууда - жыл башынан бери 41%га кымбаттады

Кум шекердин 1 килограммы 5 сомго чейин төмөндөдү жана ал 88-90 сомду түзүүдө. Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги 26-августта Сокулук районунун аймагында социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына жүргүзгөн мониторингине таянып билдирди. Агенттикке сатуучулардын айтуусу боюнча, социалдык жактан маанилүү товарларга болгон баалар туруктуу, запастар жетиштүү көлөмдө. “Акыркы күндөр ичинде

Доллар бираз көтөрүлдү - Улуттук банк дем алыш күндөргө карата валюталардын курсун аныктады

Доллар бираз көтөрүлдү - Улуттук банк дем алыш күндөргө карата валюталардын курсун аныктады

Улуттук банк 27-августтан тарта чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын аныктады. Сомго карата Кыргызстанда котировкаланган бардык негизги валюталардын курсу (казак теңгесин кошпогондо) жогорулады. * Доллар 0.38%га — 80.6838 сомго чейин жогорулады * Евро 0.22%га — 80.5950 сомго чейин жогорулады * Орус рубли 0.15%га – 1.3379 сомго

Январь-июнь айларында республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд долларга жетти

Январь-июнь айларында республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд долларга жетти

Январь-июнь айларында республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Жапаровдун берген маалыматына ылайык, биринчи жарым жылдыкта ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жалпы ИДПсы 3.6%га өскөн. Тагыраак айтканда, өнөр жайдын көрсөткүчтөрү

Салык кызматы сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзөт

Салык кызматы сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзөт

Салык кызматы сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд баштайт. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди. Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында транспорт каражатына, турак жайга жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт. Мыйзамга ылайык, белгиленген мөөнөттө салык төлөөгө үлгүрбөй калган транспорт,

Бишкек — Балыкчы поезд каттамы сентябрда токтойт

Бишкек — Балыкчы поезд каттамы сентябрда токтойт

«Кыргыз темир жолу» УК» МИ Бишкек-2 – Балыкчы багытындагы № 608/609 республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин каттамы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан баштап токтоорун маалымдады. Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын  жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тагыраак айтканда, июнь айынан 31-августка чейин каттам иштейт. Ошондой эле ишкана аталган  каттам 2023-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданарын

Эми юридикалык жактарды каттоону жана алардын ишин токтотууну 3-6 саатта бүтүрсө болот - токтом чыкты

Эми юридикалык жактарды каттоону жана алардын ишин токтотууну 3-6 саатта бүтүрсө болот - токтом чыкты

Кыргызстанда юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин кыска мөөнөттө, тагыраак айтканда, 3-6 саат ичинде токтотулганын каттоого мүмкүндүк берген токтом чыкты. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КРнын кодексинин 45-беренесин ишке ашыруу максатында, «КРнын министрлер кабинети жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, министрлер кабинети токтом чыгарды.

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүүнү автоматташтыруу боюнча жаңы сервис ишке кирет

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүүнү автоматташтыруу боюнча жаңы сервис ишке кирет

Санариптик өнүктүрүү министрлиги баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүүнү автоматташтыруу боюнча жаңы сервис иштелип жаткандыгын билдирди. Жакында аталган министрликтин алдындагы «Түндүк», «Инфоком» МИлеринин, Калкты каттоо департаментинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Электрондук саламаттык сактоо борборунун өкүлдөрүнүн жумушчу жыйыны болуп өткөн. Жыйындын жүрүшүндө баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүүнү автоматташтыруу боюнча маселелер, ошондой