Акылбек Жапаров швейцариялык Edelweiss Group AG өкүлдөрүн кабыл алды

Акылбек Жапаров швейцариялык Edelweiss Group AG өкүлдөрүн кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров швейцариялык Edelweiss Group AG компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик технологиялар, тоо-кен тармагы, дата-борборлорун куруу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жапаров «өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлордун жаңы жана креативдүү сунуштарына ар дайым ачык» экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу макулдашылды.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Баткен облусундагы алтын жана сурьма кендерин иштетүү боюнча инвесторду өзгөрттү

МинКаб Баткен облусундагы алтын жана сурьма кендерин иштетүү боюнча инвесторду өзгөрттү

Министрлер Кабинети "Кыргызполиметалл" ЖЧКсына "Нурлау" жана "Шаркыратма-Караканыш" сурьма жана алтын кендерин пайдалануу укуктарын ишке ашыруу боюнча LongShao Group менен кызматташууну карап чыгуу сунушун берди. Тиешелүү №262-т буйрукка 2026-жылдын 18-апрелинде Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документ 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү

Ош шаарында 1200 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Ош шаарында 1200 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы 1200 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Башкы планга ылайык, мектеп 5 блоктон турган 4 кабаттуу имарат болуп салынат. Жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары,

Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегаты  26,8% реконструкцияланды

Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегаты 26,8% реконструкцияланды

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатканын Энергетика министрлигинен билдиришти. Бүгүнкү күндө жумуштун 26,8%ы бүткөн. Иштер бекитилген графикке ылайык, Кытайдын CNEEC башкы подряддык компаниясы адистери тарабынан аткарылып жатат. Модернизациянын натыйжасында ГЭСтин кубаттуулугу ырааттуу өсүп жатат. 2025-жылы №3 жана №4 агрегаттар жаңылангандан кийин станциянын кубаттуулугу

Гүлчөдө 92 турак жайды сел каптады

Гүлчөдө 92 турак жайды сел каптады

27-28-апрелде Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөрдүн жана социалдык объекттердин короолоруна жана жер төлөлөрүнө суу кирген. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Гүлчө шаарынын мэриясы тарабынан “Өзгөчө кырдаалдар” режими киргизилди. ӨКМ тарабынан кырсык болгон аймакка жалпы