Кыргызстандын ИПДсы 4.4%га көбөйдү

Кыргызстандын ИПДсы 4.4%га көбөйдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде ички дүң продуктынын көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 264.5 млрд сомду түздү жана 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4.4%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 2023-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 131.1 млрд сомду түздү.

2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу  химиялык продукциянын (32%), текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (19.3%), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (18.4%), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарынын (16.3%), фармацевтикалык продукциялардын (12.9%), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,.5%), негизги металлдардын (1%), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (12.7%) көлөмүн жогорулатуунун эсебинен 4.6% көбөйдү.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл