«Кыргыз почтасынын» кызматкерлеринин айлык акысын көтөргөндү унутуп коюшту - ал 5600 сомду түзөт
Көпчүлүк кызматкерлердин айлыгын көтөрүшүп, бирок “Кыргыз почтасынын” кызматкерлерин унутуп коюшту. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди. “Элестеткиле, почтальон жумасына 6 күн, эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин иштейт жана бул эмгеги үчүн айына 5600 сом эле алат. Алар пенсия жеткиришет, жарнак китепчелерин, посылкаларды таратышат, бирок бул