Евгения Судец өз каалоосу менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчилигинен кетти
13-апрелде Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Евгения Судец өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун билдирди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Белгиленгендей, Евгения Судец бул кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин пландан тышкаркы жыйыны өтүп, анда Евгения Судец берген