Быйыл Ала-Бука – Чаткал жолунун курулушу башталат
Чаткал районунун тургундарынын жол маселесин чечүү максатында ушул жылы 173 чакырым жолдун курулуш иштери башталат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун тургундары менен өткөн жолугууда билдирди. Облус башчысы маалымдагандай, бул жылы Ала-Бука – Чаткал унаа жолунун 173 чакырымынын 50 чакырымын бүткөрүү пландалган. Азыркы