«Кыргызстан» санаториясын кайра курууга 31 млн доллар сарпташат – ордуна мейманкана, спорт комплекси, коттедждер курулат
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду «Кыргызстан» санаторийин өнүктүрүү боюнча бизнес-планы менен тааныштырды. Презентация Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жумушчу жолугушууда өттү. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди. Фонддун өкүлдөрү Кыргызстанда санаториялык-курорттук мекемелердин тармагын өнүктүрүүнү көздөп жатышканын айтышты. Долбоор 32 объекттин курулушун камтыйт. Буга чейин Туризм боюнча