
Гранттар жана кредиттер
Кадамжайда компьютердик томография орнотулду – баасы 360 миң долларды түзөт
Кадамжай жалпы дарыгерлер практикалык борборуна компьютердик томография орнотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, компьютердик томография аппараты Кытай компаниясынын колдоосу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында орнотулду. Заманбап медициналык аппараттын баасы 360 миң долларды түзөт. Компьютердик томография райондун жашоочулары үчүн зор жаңылык болуп эсептелет. Алыс жолго убакыт коротпостон, райондун