Latest

Акылбек Жапаров IT-коворкинг борборунун ишмердиги менен таанышты – коштоочулардын бири Өмүрбек Бабанов болду

Бийлик

Акылбек Жапаров IT-коворкинг борборунун ишмердиги менен таанышты – коштоочулардын бири Өмүрбек Бабанов болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы IT-коворкинг борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады. Таанышуунун жүрүшүндө республиканы санариптик жактан өнүктүрүү мамлекеттик ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири экени белгиленди. IT-борборго болгон сапарда Жапаровкго борборду мындан ары өнүктүрүү пландары, фрилансерлер үчүн коворкинг, IT-хаб жана анын башка мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Анын коштоочулардын бири

Кытай Кыргызстанга 38 атайын автотехниканы берди

Коом

Кытай Кыргызстанга 38 атайын автотехниканы берди

Кытай Кыргызстанга 19 автоунаа бар эки көчмө оорукана берди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Мобилдик госпиталдар өзгөчө кырдаалда жабыркандарга жеринде сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдонулат. Унааларды берүү келишими өткөн жылы Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин ортосунда Самаркандда өткөн саммитте түзүлгөн болчу.

Жусупбек Коргонбай уулу президенттин облустагы өкүлчүлүктөрүн жоюп салууну сунуштады

Бийлик

Жусупбек Коргонбай уулу президенттин облустагы өкүлчүлүктөрүн жоюп салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюп салууну сунуштады. Бул демилгени депутат парламенттин жыйынында көтөрдү. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Ысык-Көлдүн Түп районунда, Нарын облусунун 63 айыл өкмөтүндө пилоттук режимде жүргүзүлүп жатат. Жыл соңуна чейин бүткөрүү пландалган.

Жогорку Кеңештин тармактык эки комитеттин төрагасынын жаңы орун басарлары шайланды

Бийлик

Жогорку Кеңештин тармактык эки комитеттин төрагасынын жаңы орун басарлары шайланды

2023-жылдын 20-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жана транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө маселе каралды. Жыйында “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Талайбек Масабировдун, транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

Кыргызстанга бажы төлөмсүз эки Lexus алып келингени аныкталды – бюджетке 4.3 млн сомдук зыян келтирилген

Коом

Кыргызстанга бажы төлөмсүз эки Lexus алып келингени аныкталды – бюджетке 4.3 млн сомдук зыян келтирилген

Бажычылар жасалма документ менен автоунааларды алып келүү фактыларын аныкташты. Келтирилген зыяндын суммасы 4.3 млн сомдон ашкан. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2006-жылы жана 2007-жылы чыгарылган «Lexus GX 470» үлгүсүндөгү автоунааларга бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу эки фактысы аныкталган. “Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө

ЖИА АКШнын элчилиги менен “Жашыл каржылоо боюнча ачык жыйын” өткөрөт – ишкерлер чакырылат

Бизнес

ЖИА АКШнын элчилиги менен “Жашыл каржылоо боюнча ачык жыйын” өткөрөт – ишкерлер чакырылат

28-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын жеке секторунун жашыл каржылоо боюнча ачык жыйыны өтөт. Иш-чаранын негизги максаты – КРнын ишканаларына инвестиция тартуу үчүн жашыл каржылоо механизмдерин аныктоо жана талкуулоо болуп саналат. Бул тууралуу ЖИАнын маалымат кызматы билдирди. Иш-чарага ишкерлер, мамлекеттик органдардын жана каржы мекемелеринин өкүлдөрү катышат. Жыйынды минкабдын өкүлдөрү, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жана бизнес-ассоциациянын

Кытайдын Кызыл-Суу шаары Ош менен инвестициялык кызматтташууга кызыкдар

Экономика

Кытайдын Кызыл-Суу шаары Ош менен инвестициялык кызматтташууга кызыкдар

Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү кытайлык Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунунун жетекчилиги жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда эки тараптуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча сүйлөшүлүп, Кытай ишкерлери тарабынан сунушталган Ош шаарынын аймагында айыл чарба техникасын чыгаруучу заводду куруу маселеси талкууланды. Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Ош

1 айда бюджетке 36.3 млн сом суюлтулган көмүрсуутек газына акциз салыгы түштү

Экономика

1 айда бюджетке 36.3 млн сом суюлтулган көмүрсуутек газына акциз салыгы түштү

Салык кызматы 2023-жылдын август айында 36,3 млн сом суюлтулган көмүрсуутек газына акциз салыгын жыйнады. Бул тууралуу мекеме билдирди. Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (ТЭИ ТН 2711110000 – 2711190000) тоннасына 3 миң сом өлчөмүндө акциз салыгы салынат.

Landesbank 20-сентябрдан баштап Европадан сыртка евро менен SWIFT-которууларын токтотот — КРда ал менен 11 банк иштейт

Кызыктуулар

Landesbank 20-сентябрдан баштап Европадан сыртка евро менен SWIFT-которууларын токтотот — КРда ал менен 11 банк иштейт

Немец корреспондент-банкы Landesbank Baden-Wuerttemberg атамекендик финансы-кредиттик мекемелерге 20-сентябрдан баштап банктын саясатынын өзгөргөнүнө байланыштуу евро түрүндөгү SWIFT-которуулар Европалык экономикалык зонадагы* өлкөлөрдүн жөнөтүүчүлөрүнөн жана Швейцария жана Улуу Британиядан гана аткарыла турганын билдирди. Бул евро менен төлөмдөр мындан ары аталган өлкөлөрдөн тышкаркы мамлекеттерге жеткиликтүү болбой калат дегенди билдирет. Белгилей кетсек, Landesbank КРнын коммерциялык

Экономика министрлиги ундун баасын бир кап үчүн 1 500 сом деп бекитти

Коом

Экономика министрлиги ундун баасын бир кап үчүн 1 500 сом деп бекитти

Экономика министрлиги ундун баасын бир кап үчүн 1 500 сом деп бекитти. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Такталгандай, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы республика боюнча социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн бааларына апта сайын талдоо-мониторинг жүргүзөт. Анын ичинде 1-2 сорттогу ун бааларынын облусттардагы орточо баалары төмөндөгүдөй: Ош шаарында: 1. сорт

Кыргызстанда ун тартыштыгы жок – Антимонополия

Коом

Кыргызстанда ун тартыштыгы жок – Антимонополия

20-сентябрда Бишкек шаарында атайын жарманкелер иштеп баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Кызмат билдиргендей, Кыргызстанда ун тартыштыгы жок. Ошондой эле, жарманкеде 1-сорттогу ундун 1 кг баасы 30 сомдон ашпайт. Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкенин даректери: • “Дордой моторс” базары; • “Ош” базары; • “Аламедин” базары болжол “Табылга” соода борборунун аялдамасы;

Кыргызстан менен Латвия эл аралык автомобилдик ташуулар маселелерин талкуулашты

Коом

Кыргызстан менен Латвия эл аралык автомобилдик ташуулар маселелерин талкуулашты

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү Латвиянын Байланыш министрлиги менен автотранспорт маселелери талкуулашты. Бул тууралуу мекеме билдирди. Такталгандай, 1997-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Эл аралык автомобилдик байланыш жөнүндө КРнын өкмөтү менен Латвиянын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында эл аралык автомобилдик ташуулар маселелери боюнча эки өлкөнүн аралаш комиссиясынын отуруму болуп өттү. Отурумда