Кыргызстанда ун тартыштыгы жок – Антимонополия
20-сентябрда Бишкек шаарында атайын жарманкелер иштеп баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Кызмат билдиргендей, Кыргызстанда ун тартыштыгы жок. Ошондой эле, жарманкеде 1-сорттогу ундун 1 кг баасы 30 сомдон ашпайт.
Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкенин даректери:
• “Дордой моторс” базары;
• “Ош” базары;
• “Аламедин” базары болжол “Табылга” соода борборунун аялдамасы;
• “Ортосай” базары болжол “Оберон” бөлүмүнүн кире бериши;
• “Дордой фут” базары.
Бишкек шаарындагы ун жарманкесинде ата мекендик ундардын баалары:
• жогорку сорт – 1 860 сом;
• 1 сорт – 1 500 сом;
• 2-сорт – 1 125 сом.