
Коом
Ош-Ноокат-Раззаков жолун асфальттоо иштери жүрүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ош-Ноокат-Раззаков жолун асфальттоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкүлдүн маалымат кызматы билдирди. Эльчибек Джантаев жолду сапаттуу жана мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого чакырды. Учурда курулуш иштеринде 90 атайын техникалар пайдаланууда жана сапатты 5 адамдан турган атайын лаборатория кызматкерлери көзөмөлдөйт.