Кемин райондук суу чарба башкармалыгынын самотек чарба аралык каналы бетон менен төшөлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, канал 1927-жылы курулган. Г-120 формалуу блоктон турган каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 4 м3/сек түзүп, Боролдой, Кара-Булак, Ильич жана Дүйшеев а/о жалпы 4 252 га аянтты сугат суу менен камсыз кылат.
2023-жылга план боюнча 1.2 км узундуктагы монолиттик бетон төшөө пландалып, иш жүзүндө 1 180 метрге монолиттик бетон төшөлүп, иштин 98%ы аткарылды.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media