Президент Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Жиддага келди
Президент Садыр Жапаров Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен өлкөгө жумушчу сапар менен келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы «Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши» аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышат. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Мындан башка сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат.