
Экономика
Улуттук банктын 2022-жылдагы кирешесинин 90% бюджетке которулат
Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кенештин жыйынында «КРнын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Мыйзамдын демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы. Бул конституциялык мыйзам долбоору Улуттук банктын пайдасын 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешесине 90% өлчөмүндө которуу жолу менен республикалык бюджеттин киреше