Эки Mercedes-Benz Maybach баасын төмөндөтүлүп киргизилгени аныкталды
Бажы кызматы Mercedes-Benz Maybach үлгүсүндөгү автоунаалардын баасын төмөндөтүү фактысын аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бюджетке 300 миң сом тегерегинде зыян келтирилди. Фактылар бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, төмөнкү транспорт каражаттарынын бажы наркын төмөндөтүүнүн аныкталды:
• 2021-жылы чыгарылган «Mercedes-Benz, Maybach»;
• 2022 жылы чыгарылган «Mercedes-Benz, Maybach».
Чогулган материалдар КБР АДС МКЖга катталып, мыйзамдарга ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилет.