акыркы жаңылыктар

Интерпол алдамчылык кылып издөөгө алынган 3 кыргызстандыкты кармады

Коом

Интерпол алдамчылык кылып издөөгө алынган 3 кыргызстандыкты кармады

Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган үч кыргызстандык жаран кармалганын ИИМ 9-апрелде кабарлады. Шектүүлөрдүн бири - ири өлчөмдөгү уурулукка шектелип жаткан 34 жаштагы С. Д. А. аттуу жаран Сербиядан кармалган. Ал Манас шаарында үйдөн мамлекеттик сыйлыктарды, ири суммадагы акча жана кымбат баалуу компьютерлерди уурдаганы үчүн издөөгө алынганы айтылды. Ал эми

Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуртка импорттоону токтотот

Экономика

Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуртка импорттоону токтотот

Казакстан жумуртканы бардык өлкөлөрдөн, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринен импорттоону жарым жылга тыюуну пландап жатканын inbusiness.kz Казакстандын Айыл чарба министрлигинин мыйзам долбооруна шилтеме берүү менен маалымдалды. Бийлик жумуртканы жеткирүүгө транспорттун бардык түрүнө карабастан толук тыюу киргизүүнү көздөөдө. Бул демилге ички рынокту колдоо зарылдыгы менен түшүндүрүлүүдө. Казакстандын канаттуулар союзу билдиргендей, 2025-

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүү тармагына 6,36 млн доллар бөлөт

Коом

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүү тармагына 6,36 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандагы "Келечек үчүн билим берүү" долбооруна жалпы суммасы 6,36 млн долларлык каражат бөлөт. Буга байланышту Жогорку Кеңеш 9-апрелде Кыргызстан менен аталган ассоциациянын ортосундагы макулдашууну ратификациалоо мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда кабыл алды.  Агартуу министринин орун басары Алберт Махметкуловдун айтымында, Кыргызстанга

Эл аралык аудит "Кумтөрдүн" отчеттуулугун тастыктады

Экономика

Эл аралык аудит "Кумтөрдүн" отчеттуулугун тастыктады

Көз карандысыз аудитордук компания Ernst & Young 2025-жыл үчүн Кумтор Голд Компани ЖАКтын финансылык отчеттуулугун текшерүүнү аяктады. Аудиттин жыйынтыгы боюнча, компаниянын отчету бардык негизги аспектилер боюнча 2025-жылдын 31-декабрына карата финансылык абалын, ошондой эле отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын эл аралык стандарттарга ылайык туура чагылдырары аныкталды. 2025-жылдагы көрсөткүчтөр:

Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды

Саясат

Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Акматов Алмазбек Шаршембиевич Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды.    Эске салсак, кече 8-апрелде ЖК тарабынан Эсептөө палатасынын буга чейинки 6 аудити ээлеген кызмат ордуларынан бошотулуп, алардын саны

Ысык-Көлдүн түндүк бөлүгү сазга айланышы мүмкүн

Коом

Ысык-Көлдүн түндүк бөлүгү сазга айланышы мүмкүн

Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов Ысык-Көлдүн деңгээли төмөндөгөн учурда жаралуучу коркунучтар тууралуу эскертти. Анын айтымында, көлдүн түбүнүн рельефи бирдей эмес: түндүк бөлүгүндө жээк жайпак, ал эми түштүк тарабында тереңдик кескин көбөйөт. Борбордук бөлүгүндө тереңдик болжол менен 689 метрге жетет. Абдрахматов белгилегендей, жакынкы жылдары суунун деңгээли 2–3 метрге

BAKAI премиалдык Visa Infinite Diamond картасын чыгаруу акысын төмөндөттү - эми жеткиликтүү

Банктар

BAKAI премиалдык Visa Infinite Diamond картасын чыгаруу акысын төмөндөттү - эми жеткиликтүү

BAKAI премиалдык Visa Infinite Diamond картасын чыгаруу акысын төмөндөтүп жатканын жарыялайт. Муну менен банктын эң жогорку деңгээлдеги продуктуларынын бири кардарлар үчүн мурдагыдан да жеткиликтүү болууда. Ошол эле учурда жылдык тейлөө шарттары өзгөрүүсүз калат - карта ээлери үчүн кызмат көрсөтүүнүн жогорку деңгээли жана бардык артыкчылыктар сакталат. BAKAIдан Visa Infinite Diamond картасы - бул

Былтыр жеке ишкерлер Соцфондго 2,2 млрд сомдон ашык төлөм төлөштү

Экономика

Былтыр жеке ишкерлер Соцфондго 2,2 млрд сомдон ашык төлөм төлөштү

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке ишкерлер Социалдык фондго 2 млрд 287,8 млн сом же болжол менен 26 млн доллар төлөшкөнү Соцфонддун отчетунда айтылат. Маалыматка ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү 2025-жылга коюлган пландан 401,8 млн сомго же 21,3%га ашкан. Ошондой эле 2024-жылга салыштырмалуу 63,7%га

Россияда чекене кредитке суроо-талап кескин өстү

Коом

Россияда чекене кредитке суроо-талап кескин өстү

2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Россияда берилген чекене (керектөөчү) кредиттердин саны 13,9%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук кредиттик тарых бюросунун маалыматына таянып ТАСС басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, отчеттук мезгил аралыгында жарандарга жалпы 9 млн кредит берилген. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 7,9

Кыргызстанда 232 чарбага асыл тукум чарба макамы берилди

Экономика

Кыргызстанда 232 чарбага асыл тукум чарба макамы берилди

Кыргызстанда 232 чарба субъектине асыл тукум чарба макамы ыйгарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, мал чарбачылыгынын сапатын жогорулатуу жана генетикалык ресурстарды сактоо максатында ведомство атайын комиссия түзүп, чарба субъекттерине жеринде мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 232 чарбага асыл тукум макамы берилди. Анын ичинде:

Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат

Экономика

Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат

Бишкекте көп функционалдуу шаардык комплекс курулуп жаткан аймакта, анын ичинде жаңы Ош базары жана жаңы автовокзалдын аймагында 90 чакырым өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП-3) тартылат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "КУЭТ" ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Бишкек электр тармактары ишканасына барган учурда белгилүү болду.

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

Экономика

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты. Анда жетекчилер жеринде өндүрүш аймагынын ишин жандантуу маселелерин талкуулашты. Аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар ортого салынды. Учурда аймакка электр энергиясын жеткирүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен