
Коом
Бишкектин эки конушунда жаратылыш газы берилди
Бишкектин Свердлов районунда «Ак-Тилек» жана «Ак-Тилек-Турбаза» эки ири конушка жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Аталган конуштардагы бардыгы болуп 640 кожолук өздөрүнүн үй ээликтерин экологиялык отун менен жылытууга мүмкүнчүлүк алышты. Өз кезегинде тургундар Бишкек шаарынын жетекчилигине жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына көгүлтүр от менен камсыз болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип,