Таласта 450 орундуу мектеп ачылды – Мамкурулуш

Таласта 450 орундуу мектеп ачылды – Мамкурулуш

Талас облусунун Талас районуна караштуу Арал айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы К.Нанаев атындагы 450 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын айтымында, курулуш республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн. Анын жалпы аянты 3396,52 м2ты түзүп, 2 кабаттуу имараттан турат. Долбоордук кубаттуулугу 450 орунга ылайыкталды. Негизги класстык кабинеттерден сырткары тил кабинеттери, өнөр кааналары, химия жана биология класстары бар.

Окуучулар үчүн курулган спорт залдын аянты 308,830м2 ты чапчыйт. Бүгүнкү күндө имараттагы бардык курулуш-мантаждоо иштери план боюнча аяктады.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда

Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда

Нарын токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү максатында ийне жалбырактуу дарактардын уруктарын жыйноо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Токой кызматы кабарлады. Токой чарбасынын адистери жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, тазалап, кургатып жана сапатына жараша иргеп жатышат. Ошондой эле жыйналган уруктарды сактоого даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жыйналган уруктар келерки мезгилде көчөтканаларда

Кыргызстанда топурак-химиялык лаборатория биринчи жолу аккредитациядан өттү

Кыргызстанда топурак-химиялык лаборатория биринчи жолу аккредитациядан өттү

Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин топурак-химиялык лабораториясы аккредитациядан өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Лаборатория Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунан аккредитацияланып, ага № KG417/КЦА.ИЛ.167 аккредитациялоо аттестаты берилди. Министрликтин маалыматына караганда, лаборатория өлкөдөгү ушул багыттагы мамлекеттик мекемелердин арасында биринчи болуп аккредитациядан өттү. Анда топурактын,

Бишкекте синтетикалык баңгизатты мыйзамсыз ташып келүү ишине бөгөт коюлду

Бишкекте синтетикалык баңгизатты мыйзамсыз ташып келүү ишине бөгөт коюлду

“Түндүк” темир жол бажысынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында “мефедрон” аттуу синтетикалык баңгизатты Республиканын аймагына мыйзамсыз ташып келүү каналына бөгөт коюшту. Бажы кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн биргелешкен ыкчам-тергөө иш-

Ысык-Көлдө рейд учурунда 3,2 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдө рейд учурунда 3,2 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда көлдүн акваториясынан 3 миң 200 метр эски синтетикалык тор жана 70 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, рейд 14–15-сентябрда министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Синтетикалык торлор балыкты мыйзамсыз кармоодо колдонулганы