Бийлик
Сауд Арабия менен тыгыз мамиле уланат - Министр Кулубаев Эр-Риядда бир катар жолугушууларды өткөрүүдө
Кечээ, 6-сентябрда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында Эр-Рияд шаарында Сауд Арабиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын төрагасы Ажлан бин Абдулазиз Аль-Ажлан менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгилешип, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды