Транспорт министрлиги Бишкек - Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алууну көздөөдө - анын өлчөмүн да аныктады

Транспорт министрлиги Бишкек - Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алууну көздөөдө - анын өлчөмүн да аныктады

Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жолундагы тоннелдерден өткөн автоунаалардан алынуучу төлөмдүн көлөмүн аныктады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Бул демилге аталган жолдун тоннелдерин талаптагыдай тейлөө жана эксплуатациялоо максатында сунушталууда. Ведомство унааларды алты категорияга бөлүүнү сунуштап жатат жана алардын ар бири үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмү аныкталды:

  • жеңил унаалар, микроавтобустар, джиптер – 50 сом, чет өлкөлүк номурлуу унаалар үчүн 5 доллар
  • жүк көтөрүмдүүлүгү 3 тоннага чейинки микроавтобустар жана жүк ташуучу унаалар – 100 сом, чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар үчүн 10 доллар
  • 22 орунга чейинки автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 3 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар – 150 сом, чет өлкөлүк номурлуу жеңил унаалар үчүн 20 доллар
  • 22ден 32 орунга чейинки автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар – 300 сом, чет өлкөлүк номурлуу жеңил унаалар үчүн 40 доллар
  • 32ден ашык орундуу автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар – 350 сом, чет өлкөлүк номурлуу жеңил унаалар үчүн 60 доллар
  • жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалар – 400 сом, чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар үчүн 80 доллар.

Унаалардын өтүүсүнө акча чогултуу Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” посттору аркылуу жүргүзүлөт. Бул үчүн атайын мамлекеттик орган аныкталат.

Бийлик ошондой эле жол баракчаларын жана тиешелүү уруксат кагаздарын көрсөткөн учурда жыйым төлөөдөн бошотулуучу унаалардын категорияларын да аныктады. Булар:

  • шашылыш медициналык жардам
  • мамлекеттик органдар
  • Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому, КРдагы Улуттук Кызыл Жарым Ай коому
  • тиешелүү документтерге ылайык, гуманитардык жардамдын жүктөрүн алып жүргөндөр
  • жашаган жери жана жер үлүшү бар экендиги жөнүндө маалыматтарды камтыган жергиликтүү бийлик органдарынан берилген маалымкатты көрсөтүү менен айыл чарба продукциясын өндүрүүчү тарабынан түздөн-түз өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын ташуучулар
  • транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын өкүлдөрү
  • чет мамлекеттердин КРдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле эл аралык уюмдар.

Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка, Кайырма, Бексе-Жол, Бекитай, Моңолдор, Сары-Булак жана Кызыл-Дыйкан айылдарынын, Тунук, Суусамыр, Биринчи Май, Кожомкул жана Кызыл- Суусамыр өрөөнүндөгү Ой жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургундары жашаган жери боюнча транспорттук каражаттын каттоо документтери бар болсо, 50% жеңилдик менен акы төлөөдөн бошотулат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media