Саясат

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Экономика

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Бишкек шаарынын Ленин районунун Новопавловка айылындагы рейдде акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүдө маркаланбаган ар кандай идиштердеги 294 даана мотор майы табылды. Продукциянын жалпы көлөмү 10 миң 824 литр болуп, жалпы суммасы болжол менен 3 млн сомду түздү.

Мелис Совет уулу
"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

Экономика

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

Министрлер Кабинети 2026-жылдын 26-мартындагы №198-т тескемеси менен "Кыргызалтын" ААКына Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш кенинин №1 рудалык алтын жана жез казып алуу үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берди. Документке ылайык, бөлүнгөн участоктун аянты 400 гектарды түзөт. Кенди иштетүүнү баштоого чейин "Кыргызалтынга" Кыргызстандын

Мелис Совет уулу
Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Экономика

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлиги караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов радионун түз эфиринде Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү жарлыкка өткөн жумада Садыр Жапаров кол койгон. Жаңы мамлекеттик орган Министрликтин түзүмдөрүн кайра уюштуруунун негизинде түзүлөт жана Министрлер Кабинетине караштуу болот. Касымов белгилегендей, бул

Мелис Совет уулу
Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды

Саясат

Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы 2026-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгын чыгарды. Облустук милициядан билдиришкендей, бул мезгил аралыгында Көлдүн акваториясынан жана кармалган жарандардан жалпы узундугу 16 900 метрди түзгөн синтетикалык торлор конфискацияланган. 300 даана балык мыйзамсыз уулоо учурунда алынып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлөн. Алдын алуу иштеринин натыйжасында

Мелис Совет уулу
Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Транспорт

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Алай” футболдук клубуна жаңы автобус тапшырганын Ош мэриясы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, буга чейин аталган клубда транспорт муктаждыгы болуп, оюнчуларды ташууда кыйынчылыктар жаралып келген. "Бул демилге спортту өнүктүрүүгө жана футболчуларга жакшы шарттарды камсыздоо максатында ишке ашырылды",-деп айтылат маалыматта.

Мелис Совет уулу
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү

Кыймылсыз мүлк

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү

ШКУга мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин көзөмөлдөгөн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жетинчи жыйынынын жана эксперттеринин отурумуна катышкан делегаттар үчүн катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүргөн экологиялык заводго тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлгөнүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Рамиз Алиев экскурсияда катышуучуларга ишкананын ишмердүүлүгү, калдыктарды кайра иштетүүнүн заманбап технологиялык процесстери,

Мелис Совет уулу
Өлкөдө 401 миң  гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

Кыймылсыз мүлк

Өлкөдө 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

В Кыргызстан 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлгөнү Манас шаарында өткөн "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашырууга арналган симпозиумда айтылды.  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Рустам Балтабаев бул өнөктүк президент тарабынан демилгеленип, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүнүн жана тоолуу

Мелис Совет уулу
Кыргызстанда көмүскө бизнестин үлүшү 12% – А.Шыкмаматов

Экономика

Кыргызстанда көмүскө бизнестин үлүшү 12% – А.Шыкмаматов

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов көмүскө бизнестин үлүшү Кыргызстанда болжол менен 12% экенин "Биринчи радио" эфиринде сүйлөп жатып айтты. Анын айтымында, өлкөдөгү бардык бизнес толугу менен көмүскөдөн чыкты деп айтууга азырынча болбойт. Учурда көмүскө бизнестин үлүшү болжол менен 12%ды түзөт. Ал ошондой эле бизнести көмүскөдөн чыгаруу

Мелис Совет уулу
Кыргызстанда энергетикалык компетенция борбору ачылат

Энергетика

Кыргызстанда энергетикалык компетенция борбору ачылат

Кыргызстанда Борбор Азиядагы алгачкы энергетикалык компетенция борбору ачыларын Энергетика министрлигинен билдиришти. Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу коңшу мамлекеттер үчүн да жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган демилге Татарстандын Казань шаарында өткөн “Энергопром” эл аралык форумунун алкагында көтөрүлгөн. Форумда “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы менен Татарстандын “Тармактык компания” ААК ортосунда Кыргызстанда чыңалуу

Мелис Совет уулу
Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Экономика

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына

Мелис Совет уулу
МинКаб Боз-Бөлтөк тоосуна бадам, жаңгак, өрүк отургузду

Саясат

МинКаб Боз-Бөлтөк тоосуна бадам, жаңгак, өрүк отургузду

Кечээ МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен бирге Jashyl Dem Fest | JAZ 2026 аттуу жазгы экологиялык фестивалга катышты. Алар экологиялык акцияга "Ала-Тоо" полигонундагы пландуу аскердик машыгуулар аяктагандан кийин толук курамы менен келишкен. Фестивалдын иш-чарасы Чүй облусундагы Байтик айылында (Боз-Болток аймагында), флагштоктун жанындагы аймакта

Мелис Совет уулу
Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Коом

Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 3-апрелде өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал 2023-жылдын 26-июлунда 150 миң долларын Кытайга которуп берүү үчүн берген, бирок алданган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-

Мелис Совет уулу