Кыргызстанда көмүскө бизнестин үлүшү 12% – А.Шыкмаматов

Кыргызстанда көмүскө бизнестин үлүшү 12% – А.Шыкмаматов

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов көмүскө бизнестин үлүшү Кыргызстанда болжол менен 12% экенин "Биринчи радио" эфиринде сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында, өлкөдөгү бардык бизнес толугу менен көмүскөдөн чыкты деп айтууга азырынча болбойт. Учурда көмүскө бизнестин үлүшү болжол менен 12%ды түзөт.

Ал ошондой эле бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча иштер улантылып жатканын, бул процессте жазалоочу чаралар каралбаганын кошумчалады.

Эске салсак, 2024-жылы  Улуттук статистика комитети көмүскө, формалдуу эмес жана мыйзамсыз экономиканын көлөмүн ички дүң өнүмдүн 19,5%ына баалаган. Эң көйгөйлүү тармактар катары кызмат көрсөтүү, соода, автоунааларды оңдоо, мейманкана-ресторан бизнеси жана курулуш тармактары эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти. Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери "Байтик" көмөкчордонунан чыгуучу 10 кВ аба

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча