Саясат
А.Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын техника тапшырды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада Министрлер Кабинетинин башчысы куткаруучуларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, бул күн эрдиктин жана баатырдыктын символу экенин белгиледи. Ал ошондой эле куткаруучулардын өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө татаал милдеттерди аткарып