Бизнес
Социалдык контракттын катышуучуларынын 75% айыл чарба тармагында бизнес ачкан
2023-жылы cоциалдык контракт долбоорунун 7/5 миңден ашуун катышуучусу айыл чарба тармагында бизнес ачкан. Бул сандарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Долбоорго бюджеттен бөлүнгөн 100 000 сомду бекер пайдаланып чакан бизнес ачкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катышууда. Катышуучулар туруктуу киреше алып, жеке ишкерлер гана болбостон, жумуш орундарын түзүшөт.