Бизнес
Бишкекте мыйзамсыз курулган курулуштар буздурулду
Бишкектин мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Абдрахманов 119 дарегинде орнотулган мыйзамсыз бастырмаларды жана кеңейтүүлөрдү бузуу иштерин жүргүздү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 80 чарчы метрди түзгөн 5 бастырма алынууда. Андан сырткары, Тимирязев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү коомдук бакчанын курулушуна тоскоолдук жараткан