Бизнес
Россельхознадзордун тыюу салуусунан "Куликовский" Россияга балмуздактарын жеткире албай жатат
Россельхознадзор Кыргызстандан сүт азыктарын алып келүүгө тыюу салгандыктан, "Куликовский" кондитердик үйү балмуздактын айрым түрлөрүн Россиядагы филиалдарына жеткире албай жатат. Бул маалыматты Economist.kg басылмасына ишкананын маалымат кызматы тастыктады. Куликовскийдин өкүлдөрүнүн айтымында, балмуздактын айрым түрлөрүнө, тагыраак айтканда, балмуздак жана каймакка тыюу салынган. Ошол эле учурда завод Россияга сорбеттерин жеткирүүнү