Кыргызстандык ишкерлер Индияда өнөктөштүктөрдү издөөдө

Кыргызстандын бизнес-делегациясы Индияга иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу JIA ассоциациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, сапар 2023-жылдын 14-20-июнунда болгон.
Бизнес-тобуна ар кандай секторлорунун 15 өкүлү кирди. Сапардын жүрүшүндө алар пластикалык буюмдарга арналган PlexConnect 2023 көргөзмөсүнө катышты. Көргөзмөдө жергиликтүү экспортерлор жана өндүрүшчүлөр менен жолугушуу өттү.
Индияга болгон сапар абдан жемиштүү болду. Бизнес-делегациянын айрым өкүлдөрү башка тармактардын ишкерлери менен өнөктөштүк мамилелерди түзүштү.