Ошто сулуулук салондордо медициналык билими жок кызмат көрсөткөн кызматкерлерге 70 миң сом айып пул салынды
Ош шаарынын мэриясы жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери сулуулук салондордо рейд өткөрдү. Бул тууралуу маалымат кызматы билдирди.
Рейд АИВ/СПИДге, гепатитке каршы санитардык - гигиеналык эрежелердин, эпидемиологиялык ченемдердин аткарылышы боюнча жүргүзүштү.
Текшерүү учурунда 8 косметологиялык салон залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы аныкталып, жумушун токтотуу боюнча санитардык көрсөтмө даярдалып, чара көрүү үчүн ички иштер башкармалыгына кызматтык кат жиберилди.
Ошондой эле, жогорку медициналык билими жок кызмат көрсөткөн 14 кызматкерге «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 70 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Аны менен катар санитардык-гигиеналык ченемдерин сактоо боюнча кемчилдиктери айтылып, талапка ылайык калыбына келтирүү иштерин жасамайынча ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилди.