Кыргызстан Korea Import Fair 2023 көргөзмөсүндө өз продукциясын тартуулады
Кореяда 29-июндан 1-июлга чейин Korea Import Fair 2023 көргөзмөсү өттү.
Маалыматка ылайык, бул мамлекеттеги Кыргызстандын элчилиги Инвестиция агенттиги менен биргеликте ата мекендик продукцияны жайылтуу максатында ата мекендик компаниялардын катышуусун уюштурду
Бул көргөзмөдө ата мекендик бизнес өкүлдөрүнүн бал, варенье, консервалар, эт деликатестери сыяктуу товарлардын түрлөрү коюлган.
Бул көргөзмөнүн уюштуруучулары Кореянын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин колдоосу менен Корея импорттоочулар ассоциациясы (KOIMA) болуп саналат. Көргөзмөгө катышуунун жыйынтыгы боюнча компаниялар тышкы соода келишимдерин түзүү үчүн потенциалдуу сатып алуучуларды табууга мүмкүнчүлүк алышат.