Экономика

“Манас” аэропортунун реконструкциясы майда аяктайт

Экономика

“Манас” аэропортунун реконструкциясы майда аяктайт

“Манас” эл аралык аэропортунун реконструкциясы май айында аяктарын “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын инфраструктура жана аймактык аэропорттор боюнча директору Алтынбек Мамбетов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Манас” эл аралык аэропорту боюнча эки этапка бөлүнгөн иштердин биринчи этабы график боюнча аяктады. “Бул учуп-конуу тилкесине асфальт төшөө, жарыктандыруу

Мелис Совет уулу
"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

Кыймылсыз мүлк

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

Айбек Джунушалиев 16-мартта "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушуу өткөрүп, "Дордой" базарынын аймагын көрктөндүрүү маселесин талкуулады. Айрыкча базардын жанындагы көлгө жана анын айланасына өзгөчө көңүл бурулганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мэрдин айтымында, шаар бийлиги бизнести өнүктүрүүнү колдойт, бирок ал системалуу түрдө

Мелис Совет уулу
Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Экономика

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап, унциясы 5000 доллардан төмөн сатылып жатканын Интерфакс кабарлады. Маалыматка ылайык, алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөп жатат.  Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү. Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%

Мелис Совет уулу
Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Экономика

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 82830 даана көчөттөрдүн таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана

Мелис Совет уулу
Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Экономика

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосунда "Борбор Азиядагы "жашыл" экономика үчүн "жашыл көндүмдөр" аттуу аймактык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Ведомстводон маалымдашкандай, макулдашууга эмгек министри Канат Сагынбаев жана GIZ уюмунун аймактык долбоорунун жетекчиси Удо Фолькерс

Мелис Совет уулу
Кыргызстанда “Ala-Too Trade & Industry Expo 2026” көргөзмөсү өтөт

Экономика

Кыргызстанда “Ala-Too Trade & Industry Expo 2026” көргөзмөсү өтөт

Экономика жана коммерция министрлиги жана көргөзмө уюштуруучу BiExpo компаниясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Ведомствонун маалыматына ылайык, документ көргөзмө-жарманке ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, ата мекендик бизнести колдоого жана Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны эл аралык рынокторго чыгарууга багытталган. Меморандумга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана BiExpo компаниясынын директору Виктор Линовицкий кол коюшту.

Мелис Совет уулу
Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Экономика

Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Экономика жана коммерция министрлиги менен BiExpo көргөзмө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Ведомстводон билдиришкендей, документке министр Бакыт Сыдыков жана компаниянын директору Виктор Линовицкий кол койду. Келишимдин алкагында 4–6-июнда Бишкек шаарында эл аралык көп тармактуу өнөр жай көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр

Мелис Совет уулу
Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Экономика

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Longteng Lighting Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолукканын агенттиктен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү архитектуралык жана шаардык жарыктандыруу тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбалары менен тааныштырышты. Тактап айтканда, компания BRICS жана Shanghai Cooperation Organization саммиттери сыяктуу

Мелис Совет уулу
Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Экономика

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте BRICS Pay эл аралык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушканын агенттиктен билдиришти. Анда Кыргызстандын аймагында чек ара аралык чекене (C2B) жана корпоративдик (B2B) эсептешүүлөр үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. BRICS Pay долбоору БРИКС+ форматындагы өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүүгө багытталган борборлоштурулбаган санариптик

Мелис Совет уулу
Кытайдын Чэнду шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылат

Экономика

Кытайдын Чэнду шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылат

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытайдагы соода өкүлү Жусубали Төрөмаматов Чэнду шаарынын Коммерция бюросунун директорунун орун басары Ли Юйпин менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашканын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы катары Чэнду шаарында "Кыргыз Республикасынын Соода үйүн" жана "Кыргыз-кытай

Мелис Совет уулу
ЖК комитети электрондук акчаларды мурастоо маселесин талкуулады

Экономика

ЖК комитети электрондук акчаларды мурастоо маселесин талкуулады

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында электрондук акчаларга байланыштуу мыйзам долбоору талкууланды. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти. Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулунун айтымында, мыйзам долбоорунун максаты электрондук акчалар боюнча укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу, аларды жарандык укуктардын объектиси катары таануу жана мыйзамда

Айгерим Качкынбекова
Нарында мектеп директорлорунан акча талап кылган чиновниктер кармалды

Экономика

Нарында мектеп директорлорунан акча талап кылган чиновниктер кармалды

УКМК Нарын шаардык билим берүү бөлүмүндө акча талап кылуу жана мыйзамсыз акча чогултуу фактысын аныктаганын мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди. Тергөөдө белгилүү болгондой, мекеменин жооптуу кызматкерлери билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен ар биринен 4 миңден 5 миң сомго чейин мыйзамсыз талап кылышкан. Айтымдарында, бул акча Эсептөө палатасынын инспекторуна каржылык мыйзам

Мелис Совет уулу