Экономика

Гидрометеокызматынын кызматкерлерине ай сайын 20 миң сом үстөк акы кошулат

Экономика

Гидрометеокызматынын кызматкерлерине ай сайын 20 миң сом үстөк акы кошулат

Садыр Жапаров Министрлер кабинетине 2026-жылдын 1-январынан тартып  Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын мамлекеттик кызматкер категориясына кирбеген кызматкерлерине айлык маянасына ай сайын 20 миң сом өлчөмүндө кошумча үстөк акы белгилөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин №37 тескемесинде айтылат. Чечим Гидрометеорология кызматында иштеген, мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбеген кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында

Инфляцияны көзөмөлдөө маселеси Министрлер Кабинетинде талкууланды

Экономика

Инфляцияны көзөмөлдөө маселеси Министрлер Кабинетинде талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдөгү инфляциялык кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле Улуттук банктын өкүлдөрү катышты. Кеңешменин жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты тууралуу маалымат берип, керектөө бааларынын индексине таасир эткен ички жана

Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү долбооруна 1,5 млрд сом багытталат

Экономика

Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү долбооруна 1,5 млрд сом багытталат

Кыргызстанда эттин баасын турукташтырууга жана эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган пилоттук долбоорду ишке киргизүү пландалып жатканын радио эфиринде   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди. Анын айтымында, долбоордун негизги максаты — азык-түлүк коопсуздугун камсыз

БШКнын комиссия курамы кыскартылса 2 млн сом үнөмдөлөт

Экономика

БШКнын комиссия курамы кыскартылса 2 млн сом үнөмдөлөт

Тынчтык Шайназаров  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы — 10-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кеткен чыгымдар тууралуу айтып берди. Комитет Боршайкомдун курамын 12 мүчөдөн 7 же 8 мүчөгө чейин кыскартууну караган мыйзам долбоорун талкуулады. Анын айтымында, учурда комиссия 12 мүчөдөн турат. Төрага жана анын эки орун

Тоо-кен тармагынан 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн

Экономика

Тоо-кен тармагынан 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн

2021-2025-жылдар аралыгында тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 миллиард сомдон ашык салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр түшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тоо-кен тармагы өлкө экономикасында системаны түзүүчү негизги тармактардын бири бойдон калууда. 2025-жылдын 12 айында гана бул тармактан түшкөн каражат 65 миллиард сомго

Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңге чейин кызматкер бар- Салык кызматы

Экономика

Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңге чейин кызматкер бар- Салык кызматы

Кыргызстандын тигүү тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири көмүскө иш алып баруу, анын ичинде кызматкерлердин чыныгы санын жашыруу экенин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радионун эфиринде билдирди. "Россия да көзөмөлдү күчөттү жана негизинен, бардык салыктар мыйзамга ылайык төлөнүшү керек деген талап киргизди. Эми импортто кошумча нарк салыгын (КНС)

Мамлекетке салык төлөбөй турак жайын ижарага берип жүргөндөргө карата чара көрүлөт

Экономика

Мамлекетке салык төлөбөй турак жайын ижарага берип жүргөндөргө карата чара көрүлөт

Мамлекетке салык төлөбөй, турак жайын, батирлерди ижарага берип, киреше таап жүргөндөргө карата атайын чара көрүлөт. Салык кызматынын дарегине батирин ижарага бергендерге карата нааразылыктарын билдирген кошуналар көп кайрылышат, бирок аларга чара колдонуу азырынча көйгөй жаратууда. Мындай билдирүүнү Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Адистин

Brent мунайынын баррели 90 доллардан төмөн түштү

Экономика

Brent мунайынын баррели 90 доллардан төмөн түштү

Brent мунайынын баасы баррелине 90 доллардан төмөн түшкөнүн соода маалыматтары күбөлөндүрөт. 2026-жылдын май айында жеткириле турган Brent маркасындагы мунайдын фьючерстеринин баасы Лондондогу ICE биржасында баррелине 90 доллардан төмөн түштү. Бул баа бир суткадан бир аз убакыт өткөндөн кийин болду, мурда анын чеги 119 долларга чейин жеткен. Россия мунайынын баасы да

ЖОЖдор арасындагы инновациялык 59 долбоордун мыктылары каржыланат

Экономика

ЖОЖдор арасындагы инновациялык 59 долбоордун мыктылары каржыланат

Кечээ "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар долбоорунун директору Расул Абазбек уулу 2025-жылы өткөрүлгөн инновациялык конкурстун жыйынтыгы менен бөлүштү. Анын айтымында, өткөн жылы август айында биринчи айлампа жарыяланып, 38 мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайы сынакка катышууга өтүнмө берген. “Жалпысынан 196 долбоор

Алюминий баасы жогорулап тоннасы 3544 долларга чыкты

Экономика

Алюминий баасы жогорулап тоннасы 3544 долларга чыкты

Алюминий баасы 2022-жылдын апрелинен берки эң жогорку деңгээлге жеткенин Интерфакс кабарлайт. Маалыматка караганда, алюминийдин баасы биринчи жолу 2,8%га көтөрүлүп, 3544 долларды түздү. Акыркы жумада алюминий баалары дээрлик 10%га көтөрүлүп, үч жылдагы рекорддук өсүштү белгиледи, бул дүйнөлүк алюминий өндүрүшүнүн болжол менен 9%ын түзгөн Жакынкы Чыгыштагы жеткирүүнүн үзгүлтүккө

Кыргызстанда Өзбекстан менен кооперациялашуу алкагында 3 миңге жакын автоунаа чыккан

Транспорт

Кыргызстанда Өзбекстан менен кооперациялашуу алкагында 3 миңге жакын автоунаа чыккан

Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикасы бири-бирин толуктап тургандыктан, эки өлкө өнөр жай кооперациясын өнүктүрүп жатканын радионун эфиринде Саидикрам Ниязходжаев — Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси билдирди. Анын айтымында, кызматташтыктын алкагында биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. "Бүгүнкү күндө өнөр жай кооперациясы боюнча бул багытты өнүктүрүү өзүнчө милдет катары коюлуп жатат, анткени биздин экономикалар

Европада газдын миң куб метри 800 доллардан ашты

Экономика

Европада газдын миң куб метри 800 доллардан ашты

Европада биржада газдын баасы бүгүн 2023-жылдын январынан бери биринчи жолу 1 миң кубометр үчүн 800 доллардан ашканын ICE (Intercontinental Exchange) Лондон биржасынын маалыматтары көрсөтөт. Баанын өсүшү мунайдын кымбатташы жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын курчушу менен байланыштуу болду. TTF газ хабында апрель айындагы фьючерстердин баасы 1 миң кубометр үчүн болжол менен 820