Гранттар жана кредиттер
Баткендин үч районунда суу көйгөйүн чечүү боюнча 50 млн долларлык долбоор каралууда
Баткенде климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу ири долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, аткаминерлер KOICA жана ПРООНдун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда «Жашыл Климат» фондунун алкагында ишке ашуучу долбоор тууралуу сөз болду. Уюмдардын биргелешкен аракети менен Баткен облусунун аймагында климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу ири долбоорду ишке