KOICA Ысык-Көлдө дары чөптөрдү кургатуучу цехтин куруусуна жардам берет

Ак-Суу районунун Маман айылында KOICA долбоору менен «Маман Органик» айыл чарба кооперативи дары чөптөрдү кургатуучу цехтин курулушун баштады. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Цехти куруу үчүн КOICA тарабынан тендер өткөрүлүп «Прогресс Строй» куруу компаниясы утуп, куруу иштерин баштоодо. Жогорудагы цехти куруп бүтүү иштери 2023-жылдын октябрь айларында аяктоосу күтүлүүдө.

Чынгыз Керимбеков
KOICA Ысык-Көлдө дары чөптөрдү кургатуучу цехтин куруусуна жардам берет

Ак-Суу районунун Маман айылында KOICA долбоору менен «Маман Органик» айыл чарба кооперативи дары чөптөрдү кургатуучу цехтин курулушун баштады. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Цехти куруу үчүн КOICA тарабынан тендер өткөрүлүп «Прогресс Строй» куруу компаниясы утуп, куруу иштерин баштоодо.

Жогорудагы цехти куруп бүтүү иштери 2023-жылдын октябрь айларында аяктоосу күтүлүүдө. Ошону менен биргеликте кургатуучу цехге тиешелүү кылып долбоордо кошо көрсөтүлгөн жерди бургуйлап суу чыгарып берүү (бурение скважина) жагы жана өзүнчө трансформатор да каралган.

Чынгыз Керимбеков

По теме