Коом
Оштогу “Жапалак” унаа базары кеңейтилет – жанында кошумча базарлар пайда болот
“Жапалак” унаа базарынын айланасындагы 36 гектар жердин багыты коммерциялык максатка өзгөртүлүп, трансформацияланып, мамлекеттик актысы алынды. Бул тууралуу Оштун мэриясы билдирди. Эми бул жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарттары менен жашылча мөмө-жемиштер жана унаа тетиктери базарын ачуу пландалууда. Муну менен катар унаа базардын да аймагы кеңейтилип, унаа токтоочу жайлар салынат.