Оштун Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Оштун Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Ош шаарынын Алмалык айылындагы жаңы мектептин курулуш иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бакытбек Жетигенов буга чейин 4-майда аталган айылдын жашоочулары менен жолугушуп, айыл жашоочуларынын мектеп куруу боюнча суранычын орундатууда жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрүп, колдоо көрсөтөөрүн билдирген.

Долбоорго ылайык, 2 кабаттуу мектеп имараты 150 окуучу орунга ылайыкташкан. Билим берүү мекемесинде спорт аянтчасы, кичи футбол талаасы, жыйындар залы, ашкана, откана ж.б. зарыл болгон бардык нерселер болот.

Имаратты келерки жылдын аягында пайдаланууга берүү болжолдонууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Анын жүрүшүндө Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышат. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мындан сырткары КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги Кеңешинин жыйыны да болушу күтүлүүдө.

Ишкер Media
Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media